Сени издейм ар күн сайын,
Таппай келем жанымдан.
Жолун таппайм махабаттын таңындан,
Көңүлүм кыйбай, жүрөгүм сыздайт,
Кусалык, жаным, мени кыйнайт.
Эргиткен ал сезимдерим кайда?
“Сүйөм” деп айтчу элең кайра-кайра.
Көңүлүм кыйбай, жүрөгүм сыздайт,
Кусалык, жаным, мени кыйнайт.
Кайырма:
Кимди сүйөсүң, сен айтчы?
Жүрөгүмдү кыйнабай.
Ким деп жүрсөң, мага кайтчы?
Ал сүйүүгө алданбай.
Кезигели кол кармашып басалы,
Кайра келип, махабатың арначы.
Көңүлүм кыйбай, жүрөгүм сыздайт,
Кусалык, жаным, мени кыйнайт.