Түшүндүрүп кантип айтам,айтылгыс арман,
Түшүнбөйсүң билем аны сен үчүн жалган.
Түйшүгүн да азабын да өзүм тартайын,
Чындап сүйүп калдым кызды сага бир тууган
Кайырма:
Чечилбес арман,чечилгис арман,
Адамзаты көтөрө алгыс,көтөргүс арман.
Сен өмүр жалган,сенсиң жалган,
Адамзаты чыдай алгыс,чыдагыс арман.
Ишенбесең бул сүйүүмө Ысык-Көл күбө,
Ишенчи сен ак сүйүүмө Ала-Тоо күбө.
Сүйөмүн деп айтып жүргөн бала кыялдуу,
Чын сүйүүнү билбей жүргөн менде го күнөө.
Кайырма: