"Ат келет"
Сөзү : А.Чойбекованыкы
Обону : Шамшыбек Өтөбаевдики
Урматына Манастын дүйнөдөн эл келишти,
Кылым айтып түгөткүс кызык тойду көрүштү.
Түнкү уядан Ала-Тоо - ат чабыштын марасы,
Күлүктөрдүн күлүгү сыналышат карачы.
Кайырма:
Ат келет, аттар келет,
Желдей учуп бат келет.
Дүңгүрөтүп Жер шарын Аккуладай арышы,
Бабалардын салты экен, аргымактар жарышы.
Куштай учуп-сызышат, тоо-талааны калтырып,
Кетери чын, ким чыкса, сыйлыктарды артынып.
"Ат - адамдын канаты" деген сөз бар элимде,
Ат туягы баспаган жер жок чыгар жеримде.
Куйрук-жалы төгүлөт, көз кандырат сымбаты,
Жакшылыкта той берген кыргыз элим кымбатым.
Кайырма: