Тереземде бир булбул мукам сайрады,
Теребел да тынчтанып, гүлдөр жайнады.
Булбул ырын тыңшады, сыздап жан дүйнөм,
Эске түшүп ак сүйүүм калган кайдагы.
Кайырма:
Аа, ай, булбулум, ай,
Ай, ай , кыйнадың, ай.
Жалындаган сезимдер жанып жүрөктө,
Бакыт нуру төгүлгөн биздин түнөккө.
Бактыбызды таппадык бирге экөөбүз,
Ал учурлар кайрылгыс калды сүрөттөй.
Кайырма:
Өттү күндөр өрттөнгөн эстеп өзүңдү,
Өрткө салып кыйнадым далай өзүмдү.
Өчтү сүйүү жалбырттап жанды кыйнаган,
Бирок такыр унутпай койдум өзүңдү.
Кайырма: