Сырым сезген сырдашымдай жел мени,
Сыдырымга сылап жүзүм термеди.
Сагынычка толуп турган убакта,
Кандай рахат, көктөм жаздын келгени.
Келдиң мына, көңүл сырын эзгендей,
Күттүм сени жолугушчу кез келбей.
Жамгырыңды жөлөк кылдым жаныма,
Жабыкканым жалгыз өзүң сезгендей.
Кайырма
Жолуң тороп турса дагы жай алдын,
Жазды даңктап сүйүүгө мен даярмын.
Анткени ал кандай гана жагымдуу,
Элестетип кыздын назик жамалын.
Жан эргите булбул үнү угулуп,
Жаңыргандай жердин бети кубулуп.
Өзгөчө бир шаң коштуң сен жашоомо,
Өзүң менен келип жандуу сулуулук.
Шибер чөптүн жыты чыгып баш алып,
Табиятта тал чыбыктай жашарып.
Көктөмдүн бул ар бир аткан таңында,
Көңүлүм да барат улам тазарып.
Кайырма