Атыңды угуп калсам капыстан,
Алоолоп күйүп-жанам унчукпастан.
Унут деп өзүмдү-өзүм алдасам да,
Ичимен берилип улутунам.
Көрө албаска, ал сөздөргө азгырылып,
Мен жүрөм жолун таппай, жазыгымдын.
Таң калам жоругуна ашыгымдын, Ишенип, ишене албай...
Кайырма:
Азыр деле жашайсың,
Жүрөгүмдөн өчүрө албайм.
Ак сүйүүмдү башка жанга,
Көчүрө албайм, унута албайм,
Баары бир сени...
Күч барбы түйүп коер сүйгөн жанды,
Сен мага ишенбедиң айла барбы.
Канчалык мен өзүмдү-өзүм сооротсом да, Жүрөктүн буйругуна арга барбы?
Таттуу тилек, максаттар кайда калды,
Кол жеткис көк мелжиген жайда калды.
Курманы болбойлу айың кептин,
Өчпөгөн үмүт калды.