Булбулдун көркү гүлдө бар
Ырчынын көркү үндө бар
Ак шумкар учса да асманга
Амалын ай болсо үндөп ал
Дайранын көркү кемеде
Баланын ай көркү энеде
Акыл ай айтса тыңшабай
Акмактын ай көркү жемеде
Сакалдын көркү чалда бар
Сулуунун ай көркү калда бар
Суктанып жүрбөй ар кимге
Сүйгөнүңдү өзүң тандап ал
Бычактын көркү кынында
Жылкынын ай сыны кулунда
Азамат болсоң эр жигит
Сага келген иштен корунба
Шибердин көркү мал менен
Жылкынын ай көркү жал менен
Жылдыздай жанган кара көз
Жигиттин ай теңи жар менен