Биздин баштан эмнелер гана өтпөгөн,
Сезимиңде жаш жүрөгүң өрттөнгөн.
Айтайын деп дарманың жок айтышка,
Башты салып кайра артка барышка.
Биздин баштан эмнелер гана өтпөгөн ,
Сезимдерге эмнелер гана чөкпөгөн.
"Жылуу кийин! Жолдор узак!," - дешчү эле,
Кыйын күндө апаң жапкан нанды эсте !
Кайырма:
Сен кайгырба "көңүл калды"-деп
"Өмүр жарды"- деп садага.
Сага арналган ар бир күнүңдү теңебегин санаага !
Кантсе да жашоо белек !
Таарынбагын тагдыр өзү тараза,
Таарынганда айтчы Жаным эмне пайда?
Бул күн өтүп нечен күндөр таң атаар,
Өзүңдү озүң кечире бил Садагам!
Кайырма: