Карагаттай жалжылдаган көздөрүң,
Жан дүйнөмдү эзип карайт мени.
Турмуш мени гүлгө айлантса чөлдөгү,
Булут белең төгүлгөн, аяп мени?
Ай-ий... Айдай сулуу пери,
Ай-ий... Арнайм сага сезим.
Ай-ий... Көздөрүң - ай сенин,
Качан байкайт мени?
Айтчы деги.
Кайырма:
Жалгызым жүрөгүмдүн теңи,
Карагат көздөрүң - ай сенин.
Ар дайым сага арналат сезим,
Бакытка толуп турган кезим.
Жаңырган шыңгыр күлкүң жүрөктү эзгени,
Жаным, мага жагат.
Жан дүйнөм жалгызсырап,
Жаным сыздап турган кезде,
Жолуктум жалгыз сага.
Ай-ий... Мөлтүрөгөн...
Ай-ий... Көздөрүңөн...
Ай-ий... Ай жүзүңдөн...
Ай-ий... Аралайбыз бирге дүйнө кенен!
Ай-ий... Ар бир күндө сүйө берем!
Айдай сулуу каректериң үмүт берет!
Кайырма